Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, экс-депутат: «Дача СУ кандуу кырсыгындагы ишти маалкатып, создуктуруп келген шүдүңгүттөр катуу жазаланышат»

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, экс-депутат: «Дача СУ кандуу кырсыгындагы ишти маалкатып, создуктуруп келген шүдүңгүттөр катуу жазаланышат»

Дача СУдагы кырсыкка бүгүн, 16-январда үч жыл болду. Андагы кандуу кырсыкка азыркыга чейин эч ким жоопко тартыла элек. Атамбаевдин аты аталган эле, ал болсо танып кетти, ушак деп. Табышмактуу, сырдуу жүктүн кимге таандык экени ачылбай келатканын сыры эмнеде деп биз профессор, экс-депутат Каныбек Осмоналиевге кайрылдык.

«Дача СУ кырсыгы Кыргызстандын тарыхындагы эң трагедиялуу окуялардын бири. Атамбаев менен анын аялынын күнөөлөрү бар болгон күндө дагы алар жалгыз эмес го? Бул шумдукка ошол кездеги расмий бийликтин алдыңкы сабында турушкан кээ бир таасирдүү чиновниктердин түздөн-түз тишеси бар деп ойлойм. Эмне үчүн ошол кезде муну тезинен жаба салышты? Элден чогултулган акча менен кайра эле ошол шору каткан жабырлануучулардын көкшүндөрүн суутуп коюшкандай болушту? Эми жыл сайын өлгөндөн калгандарынын абалдарын сурамыш болушуп, жагалданып «пиар» иштери менен алектенип келишет. Бул уят! Чындап элиңе күйсөң акты ак, караны кара дегендей кылып ал окуяны даана ачып далилде! Элге катастрофанын себептерин кашкайтып көргөз. Жүк кимдики экенин жарыя кыл. Ошондо гана карапайым эл ишенет. Болбосо жабылуу иш, жабылган бойдон калыш керек деген эле калпыс ойлорго жетеленип жүрө беришет. Бирок, эл мунун чыныгы себептерин өзү эле ачыктап алат. Ошондо ишти маалкатып, создуктуруп келген шүдүңгүттөр катуу жазаланышат. Мындайды кийинки эле тарыхыбыздан көрүп келе жатпайбызбы? Дегеле өткөндөн сабак албай коюшту го, акылы жоктор!”,-дейт Каныбек Осмоналиевич.

Эске сала кетсек, 2017-жылы 16-январда, таңга маал түркиялык «Боинг-747-400» жүк ташуучу учагы Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына кулап, анда жашаган 39 тургун, 4 учкуч каза болуп, бир топ турак жай кыйраган. Андагы маалыматтарга караганда,  “Гонконг–Бишкек-Стамбул багытында бараткан учакта 85 тоннадан ашык жүк болуп, ал Бишкекке май куюш үчүн конгон. Ошол жылдын, март айында адвокаттар Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, «Дача СУ айылына кулаган учактагы жүктүн президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси бар» деген маалымат тараткан. Атамбаев муну “жалган жалаа, ушак, ал ушакты Текебаев тараткан”,-десе, анын сөзүн эки кылбаган андагы башкы прокурор Индира Жолдубаевасы “президенттин аброюна шек келтирилди”,-деп адвокаттарды сотко берген.

Ал эми 2017-жылы, 18-январда, андагы ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев парламентте ачуу чындыкты айтып чыккан. Аны төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.