Өмүрбек Текебаев колдоочуларын сотко келбей эле коюусун суранды. Эмнеге?

Өмүрбек Текебаев колдоочуларын сотко келбей эле коюусун суранды. Эмнеге?

Эртең, 23-мартта, саат 14:00дө Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланат.  Соттун алдында Өмүрбек Чиркешович өлкөдөгү кооптуу кырдаалды, учурдагы абалды эске алып, коронавирус пандемиясынын таралышынын алдын алуу үчүн киргизилген карантинди колдоп, колдоочуларын эртеңки сотко келбей эле коюуга чакырып, төмөндөгүдөй кайрылуу жасады.

«Урматтуу менин колдоочуларым, ар дайым сотко катышып, мени жана үй-бүлөмдү колдоп келгениңиздерге терең ыраазымын. Бирок, пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү эске алып, бул жолку соттук отурумга келбей эле коюуңуздарды суранам. Үйүңүздөрдө болуңуздар! Сактаныңыздар!«,- дейт Өмүрбек Текебаев.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду орусиялык жаран, шылуун (учурда түрмөдө) Леонид Маевский каралаган. Ал «пара алган» деген көрсөтмөнү (Атамбаевдин бийлигинде) берген. Каралоонун негизинде, 2017-жылы Текебаев менен Чотонов камакка алынып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

2019-жылы, 21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишине байланыштуу жаңы ачылган жагдайларды карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароого Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн. 29-августта Биринчи Май райондук соту жаңы ачылган жагдайларды кайра карап, саясатчыларды үй камагына чыгарган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

2 thoughts on “Өмүрбек Текебаев колдоочуларын сотко келбей эле коюусун суранды. Эмнеге?

  1. Соттук териштируу жургузуп жаткан судья Сатарова Айнура айым эртерээк жана калыс чечим чыгарат деп ишенем.

  2. Соттук териштируу жургузуп жаткан судья Сатарова Айнура айым эртерээк жана калыс чечим чыгарат деп ишенем. Убагы келгенде анын калыс чечими тарыхый чечим болгондугун мезгил ырастайт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.