Коронавирусту биринчи жуктуруп алган адам табылды

Коронавирусту биринчи жуктуруп алган адам табылды

Кытайда коронавирусту биринчи жуктуруп алган адам майда чаян (креветки) саткан аял экенин кытай ММКсы менен катар дүйнөлүк басылмалардын бир тобу жазып чыкты. Алынган маалыматтар боюнча, аталган бейтап 57 жаштагы Вэй Гисянь Ухандын «Хунань» базарында майда чаян сатып соода кылчу. Жашаган жери да базардан алыс эмес жерде болгон.

Анын айтымында, 2019-жылы 11-декабрда ал себепсиз эле дене табы көтөрүлүп чыккандыктан, сезондук сасык тумоо болсо керек деп жергиликтүү бейтапканага кайрылган. Анын айтканы боюнча, буга чейин канча оорубасын, бейтапканага кайрылганда, бир укол менен эле эртеси абалы жакшырып калчу. Ал эми 11-декабрдагы абалына эки укол да жардам берген эмес. Бирок абалы жакшырбаса да, базарга чыкканын токтоткон эмес. Абалы оорлошуп баштаганда кайра ооруканага кайрылган. Дарыгерлер жазып берген дары-дармек таасир этпей койгонунан, 16-декабрда толук текшерүүдөн өтүү үчүн Хуачжунь илим жана технология университетине караштуу “Сехэ” ооруканасына кайрылган. Ошол жерден аныкындай оору белгилери менен бир канча адам кайрылганын уккан. Эми болсо, ал “Хунань” базарында коронавирусту жуктурган биринчи адам деп аныкталып отурат.

Эске салсак, 31-декабрда Ухандын саламаттыкты сактоо комитети алгачкы ооруп калгандар 27 адам экенин билдирип чыккан. Ошол бейтаптардын журналисттердин колуна тийген тизмесинин көчүрмөсү боюнча 24 адамдын “Хунань” базарына түз катышы болгон жана анын төртөөсү бир үй-бүлөдөн болушкан. Башында аталган базар жугуштуу балээнин башаты болгон деп божомолдонуп жатса, январь айында Кытай көзөмөл жана профилактика борбору коронавирус адамдарга жапайы жаныбарлардан ушул базардан жукканын айтып чыккан.

Учурда аалам жашоосунун бардык статистикасын жүргүзүп жаткан Worldometer   маалыматы боюнча, 26-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирус жукту делип 488 055 учур катталган, 22 049 адам көз жумуп, 117 603 адам айыкты болуп эсептелет. “Коронавирус табылган биринчи бейтап” деп учурда дүйнөлүк басылмалардын баарында сөз болуп жаткан Вэй Гисянь да айыккандардын ичинде.

Эске сала кетсек, COVID-19 аталган жаңы типтеги оорунун чыгышы 2019-жылы декабрдын аягында Уханда катталган. Ошондон бери анын белгилери жогорку температура, бат чарчап алсырагандык жана жөтөл деп айтылып келет. Анткен менен британиялык окумуштуулар балакет ооруну жуктургандардын айрымдары жыт сезбей калат деп дагы бир белгини таап чыгышты. Алардын маалыматтары боюнча, Түштүк Корея, Кытай жана Италияда айрым бейтаптар болор-болбос жыт сезип жатышканын же таптакыр эле сезбей калышканын айтып чыгышкан.

Баса, Кытай ММКсы “Хунань” базарына эч тиешеси жок биринчи бейтапты да таап чыгышкан. Айтымында, фамилиясы Чэнь деген эркек адамдын 16-декабрда дене табы күтүүсүз көтөрүлүп, Ухандын четиндеги ооруканага кайрылган. Ал кайсы жерден кандайча жуктуруп алганын тактап бере алган эмес. Бирок үй-бүлөсүндө андан башка эч ким, атүгүл аны ооруканага коштоп келген адам да оорубагандыгын айткан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Булак: Alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.