ИИМ: «Сойку ташыган милиционер тууралуу маалымат жалган»

ИИМ: «Сойку ташыган милиционер тууралуу маалымат жалган»

«Бишкекте милиция кызматкери түн ичинде өзүнүн жеке машинасы менен сойкуларды ташып жүргөн» деген маалыматты ИИМ четке какты. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, айрым сайттар жалган маалымат тараткан. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерин машинасы менен шаар ичинде кетип баратканда кайгуул кызматы токтоткон. Учурда ал коменданттык сааттын талаптарын бузгандыгы үчүн кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Ошондой эле ИИМ элди жалган маалымат таратпоого чакырып, «чагымчыл жана башка жалган материалдарды таратуу үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралганын» эскертти.

Эске сала кетсек, 25-марттан 15-апрелге чейин Кыргызстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.