Өкмөт курамы жаңыланды. Ал эми коронавирус илдети менен аныкталгандардын саны 116га жетти

Өкмөт курамы жаңыланды. Ал эми коронавирус илдети менен аныкталгандардын саны 116га жетти

Саламаттык сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары Касым Мамбетовдун бүгүнкү 2-апрелдеги брифинг учурунда билдиргенине караганда, Кыргызстанда коронавирус дагы беш кишиден табылган.

Анын айтымында, экөөсү Баткендин Кызыл-Кыя шаарында, экөөсү Ноокат районунда, бирөө Ош шаарында катталган. Алардын экөөсү сырттан келсе, үчөө Кыргызстандын ичинен жуктурган.

Ошентип, буларды кошкондо учурда жалпы бейтаптар саны 116га (53ү эркек, 63ү аял) жетти. Анткен менен беш кыргызстандык айыгып чыкты деген көңүл жубатаар маалымат да бар.

Эске салсак, ооругандар санын өстүрбөө ниетинде 25-марттан 15-апрелге чейин көпчүлүк аймактарда өзгөчө абал жарыяланган. Бул абал узартылабы-кыскартылабы, коронавирусту жеңерибизге чын эле 5 күн калдыбы, аны курамын жаңылаган Өкмөттүн, анын ичинде экинчи ирет саламаттык сактоо министри болгон Сабыржан Абдыкаримовдун натыйжалуу иш-аракеттеринен көрөбүз.

 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.