МАМКАТТОО: «Пенсияңарды почточулар ар бириңердин үйүңөргө жеткирип берет, үйдөн чыкпаңыздар!»

МАМКАТТОО: «Пенсияңарды почточулар ар бириңердин үйүңөргө жеткирип берет, үйдөн чыкпаңыздар!»

«Кыргыз почтасы» карантинге байланыштуу пенсионерлерди үйдөн чыкпоого чакырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 2-апрелде билдирди. Алардын айтымында, пенсия ар бир пенсионердин үйүнө жеткирилип берилет.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынын тараткан маалыматына караганда, бардык аймактардагы почта бөлүмү 9-апрелде ачылат. Ошол эле күнү почточулар пенсияны тарата баштайт. «Урматтуу пенсионерлер, үйдөн чыкпашыңыздарды өтүнөбүз! Пенсия же жөлөкпулду почточулар ар бириңердин үйүңөргө жеткирип берет. Зарыл болсо, алар дем алыш күнү да иштешет» деп айтылат Мамкаттоонун билдирүүсүндө.

Аны менен катар алардын билдирүүсүндө, коронавирустун жайылышын алдын алуу максатта бардык почта бөлүмдөрү жана кызматтык автоунаалар дезинфекциядан өткөнү, ал үчүн 1800 атайын кийим, 10 миң беткап, 8 миң мээлей жана 920 литр антисептик сатылып алынганы маалымдалган.

Эске сала кетсек, 25-марттан 15-апрелге чейин Кыргызстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө абал режими киргизилип, себепсиз көчөгө чыгууга, топтолууга тыюу салынган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.