Өзбекстандан гуманитардык жардам келди. Аны Өкмөт бөлүштүрөт…

Өзбекстандан гуманитардык жардам келди. Аны Өкмөт бөлүштүрөт…

Өзбекстандан берилген гуманитардык жардам кабыл алынды.

Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы бүгүн, 2-апрелде билдирди.

Алардын айтымында, Өзбекстан тарабынан берилген гуманитардык жардам иретиндеги ун, коргоочу комбинезон, бир жолку колдонуучу респиратор, бир жолку колдонуучу колкап жана башка санитардык дезинфекциялоо үчүн колдонуучу каражаттарын ӨКМ кабыл алды. ӨКМнин орун басары Равшан Рысбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана Өзбекстандын ӨКМнин Башкы инспектору капитан Бабур Эшматов, Өзбекстандын ӨКМ Андижан облустук башкармалыгынын башчысынын орун басарынын катышуусунда гумжардам өткөрүлүп берилди.

Гумжардамдын тизмеси:
1. Ун – 1000 тонна;
2. Коргоочу комбинезон-7000 даана;
3. Бир жолку колдонуучу респиратор – 7000 даана;
4. Бир жолку колдонуучу колкап – 20 000 даана;
5. Коргоочу көзайнек -500 даана;
6. Пирометр – 200 даана.

Гумжардам ӨКМдин бириккен кампасына жеткирилет. Бөлүштүрүү иштерин Өкмөт тарабынан жүргүзүлөт.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.