Коронавирус жуктурган карыя каза болуп, сөөгү жерге берилди. Коштошууга 6 эле киши катышкан…

Коронавирус жуктурган карыя каза болуп, сөөгү жерге берилди. Коштошууга 6 эле киши катышкан…

Кечээ, 2-апрелде коронавирус дарты менен Ноокат райондук ооруканасында дарыланып жаткан 61 жаштагы адам көз жумуп, ошол эле күнү сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.
Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдиновдун айтымында, маркум чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР анализинин жыйынтыгы менен андан COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталган. Ноокаттык жаранды жерге берүүдө 5-6 адам гана катышкан, тууган-уруктарынан эч ким болгон эмес. Ошондой эле ал эпидемия учурунда сөөктү көмүүнүн эрежелери бар экендигин баса белгилеп, аны эртең (4-апрелде) медицина кызматкелери түшүндүрүп берээрин кошумчалап, үйдөн чыкпоону суранды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.