Касымбек МАМБЕТОВ: “Коронавирус тогузунчу дарыгерге жукту…”

Касымбек МАМБЕТОВ: “Коронавирус тогузунчу дарыгерге жукту…”

Бүгүн дагы бир дарыгердин бирөөнө коронавирус жукканы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов бүгүн, 4-апрелде брифинг учурунда билдирди.

«Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медкызматкерлер да бар. Алардын саны кечээ сегиз болчу, бүгүн бирөө кошулуп, тогузга жетти. Алардын баары коронавирусту алып жүрүүчүлөр. Тогуз медкызматкердин ичинен жетөө Жалал-Абад облусунда болсо, бирөө Бишкекте, бирөө Ошто«, — дейт К. Мамбетов.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.