Коронавирусту жуктурган дагы 14 учур катталды, жалпы саны 144гө жетти

Коронавирусту жуктурган дагы 14 учур катталды, жалпы саны 144гө жетти

Саламаттык сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары Касым Мамбетовдун бүгүнкү 4-апрелдеги брифинг учурунда билдиргенине караганда, Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 14 учур катталган.

Анын айтымында, бирөө – Бишкекте, бешөө — Ош облусунда, экөө — Ош шаарында, алтоо — Жалал-Абад облусунда. Ушу менен Кыргызстанда коронавирус аныкталгандардын саны 144гө жетти. Бул оору менен бир адам каза болуп, 6 киши бул илдеттен айыкты.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.