ӨКМ: “Обсервациядагыларга үч маал ысык тамак-аш берилип жатат”

ӨКМ: “Обсервациядагыларга үч маал ысык тамак-аш берилип жатат”

Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Алар коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатта ӨКМ министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача төмөндөгүдөй маалымат таратты:

— 5-апрелде өлкө боюнча  752 010 погондук метр унаа жолдор  дезинфекцияланды;

— жалпысынан  12077 орундук даярдалган;

— обсервацияда жайгаштырылган жарандарга 3 маал ысык тамак-аш берилип жатат;
— өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блок постторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 56 мобилдик турак-үй орноштурулган;
— 112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 7070 чалуу катталып, анын ичинен 528 коронавирус боюнча   чалуу түшкөн, 3172 максатсыз чалуулар болгон;

— өлкөдө уюштурулган постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү)  ӨКМ тарабынан 459 куткаруучу жана  119 унаа тартылган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.