Кой-Таш окуясында жабыркаган Самат Курманкулов бүгүн Бишкекке учуп келет

Кой-Таш окуясында жабыркаган Самат Курманкулов бүгүн Бишкекке учуп келет

Кой-Таш окуясында башынан жабыркаган Самат Курманкулов бүгүн Кыргызстанга учуп келет. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде «24 kg» Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып жазып чыкты.

Алардын айтымында, Самат Курманкулов дарыланып жаткан Орусиядагы клиника коронавирус менен күрөшкө тартылып, обсервацияга айланып жатканына байланыштуу  ал бүгүн Екатеринбург аркылуу Бишкекке учуп келет. Дарылануусун Кыргызстандан улантат.

Эскерте кетсек, 2019-жылы 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайындагы үйүнөн аны кармоо операциясын УКМК кечке маал жүргүзүп, ал ишке ашпай калып, кагылышуу болуп, бир топ адам жаракат алып, полковник Үсөнбек Ниязбеков окко учуп, каза болгон. Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов башынан оор жаракат алып, эки жолу операция болгон. Ал Москвага дарыланганы кеткен.  Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы С.Курманкулов өз алдынча басып, сүйлөп калганын маалымдаган.

Ал эми ИИМ министри Кашкар Жунушалиев былтыр, ноябрда президенттин «Эрдик» медалын Курманкуловго тапшырган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

2 thoughts on “Кой-Таш окуясында жабыркаган Самат Курманкулов бүгүн Бишкекке учуп келет

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.