Кыргызстанда дагы 69 адам коронавирус жуктуруп алды, жалпы саны 216га жетти

Кыргызстанда дагы 69 адам коронавирус жуктуруп алды, жалпы саны 216га жетти

Кыргызстанда дагы 69 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде, брифингде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, вирус обсервацияда болгон адамдардан аныкталган. Жаңы катталган бейтаптар Ноокаттан — 42, Кара-Суудан — 3, Ош шаарынан — 2, Сузактан— 13,  Бишкектен — 5, Нарындан — 1, Караколдон — 1, Баткенден — 1, Кеминден — 1.

Республика боюнча вирус жуктургандардын жалпы саны 216га жетти. Жалал-Абад облусунда — 80, Ош облусунда — 94, Бишкекте — 25, Баткен облусунда — 4, Нарын облусунда — 5, Ысык- Көл облусунда — 3, Чүй облусунда — 5 .

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.