Маркум Ташбоо Жумагуловдун сөөгү Мосвадан Кыргызстанга качан алынып келинет?..

Маркум Ташбоо Жумагуловдун сөөгү Мосвадан Кыргызстанга качан алынып келинет?..

70 жаштагы коомдук ишмер Ташбоо Жумагулов узак оорудан кечээ, 6-апрелде Москвадагы ооруканада көз жумду. Дүйнөгө жайылган коронавирус илдетине байланыштуу бизде да, Орусияда да карантин узарып жатканда Ташбоо Рахманбердиевичтин  сөөгүн Кыргызстанга алынып келинишинде маселе жокпу, качан, кантип алынып келинет деп тынчсызданып, тиешелүү жерлерге байланышка чыктык…

Эшенкул БАРПИЕВ: “Ушул оор күндөрү “өлгөндүн үстүнө көмгөндөй” эле болду”

“Аргам да жок. Айлам да жок. Бир туугандай агам эле... акем эле.. Ушул оор күндөрү «өлгөндүн үстүнө көмгөндөй » эле болду. Акыркы жолу «Тамадалар мектебине» белгилүү тарыхчы Баяс Турал агам экөө келип, ак батасын берип кетти эле… деп агасынын өлүмүнө кабыргасы кайышкан иниси, жердеши, белгилүү тамада Эшенкул Барпиевге сөөгүн алып келүү боюнча сурап кайрылып, төмөндөгүдөй жооп алдык:

Бул маселе азырынча чечиле элек. Эгер чечилип калса, анда Новосибирскинин аэропортунда калып кеткен 300 кыргыздын рейси менен чечилет, ал 11и же 12-апрелде. Байкемдин баласына мен да бул маселе менен кайрылгам, андан жооп боло элек, демек, чечиле элек”.

Элчилик эмне дейт?

Интернет аркылуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине: “Т.Жумагуловдун сөөгү Кыргызстанга качан алынып келинет? Угушубузча, 11-апрелдеги авиарейс менен келет деп жатышат. Чынбы?” деп кайрылсак, “Азырынча ошондой маалымат, бардыгы кырдаалга жараша. Авиарейстин болушуна байланыштуу болот” деген жооп келди.

Жеңишгүл ӨЗБЕКОВА: “Дарт күтүүсүз келээрин билбедим, жаныңда жүрүп кандай байкабадым…”

Маркумдун өмүрлүк жары, белгилүү драматург Жеңишгүл Өзүбекова жубайы Москвада 7 айдан бери дарыланып жатканын, айыгып кетээрине үмүт артып турганын апрель башында эле Интернетке мындай деп жазды эле: “Дарт күтүүсүз келээрин билбедим, өзгөчө онкология сыяктуу дарт артыңдан урулган бычактай экен… Атаганат, жаныңда эле жүрүп кандай байкабадым, бир белгисин же мен, же өзүң сезбедиң деп ойлоно берем. Ошондой экен, мен азыр мезгилди да, мамилени да, дос-тууган, жай тааныштарды да “Ташке ооруганга чейинки жана ооругандан кийинки” деп бөлүп карап калдым. Айрым бир жылаңайлак катташкандарды көрдүм, айрым жөн гана жылуу салам менен жүргөндөрдү көрдүм.. Айтор, көптү көрүп, жашоонун жазылбаган жагдайларын дагы эле үйрөнүп окуп жатам.

Акыркы жети айдан бери келипкетип, үйүбүздөй эле болуп калган ЦКБдагы (Центральная клиническая больница Управления делами Президента РФ) күндөр да бирине бири окшобойт. “Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат ” дегендей болуп, кечээ бозоруп отурсам телефонум шыңгырап калды. Мага белгисиз Москванын номери, реанимациядан кабар күтүп жаткан жаным, элеңдеп ала койдум. “Жеңишгүл эже, мен Аликбек Жекшенкуловмун. Кантип жатасыз, эмне жардам керек? Ташбоо байкени ким билбейт”, ушул өңдүү сөздөрдү көпкө сүйлөшүп, “Бул менин түз телефонум, күн-түн дебей чалыңыз, эмне жардам керек болсо, биз барбыз” десе, атамды көргөндөй эреркедим… Жалгыздыгым сезилбей, Кыргызстаныма, эл-журтумдун ичине барып калгандай дем, күч-кубат алдым. Рахмат, урматтуу Элчим Аликбек Жекшенкулович, бийик адамгерчилик, жөнөкөй инсандык сапат, боорукер жүрөгүңүз үчүн рахмат. Жаратканым жакшылыктарын гана насип кылсын!”.

Жеңишгүл Өзүбекова. Москва шаары, 2-апрель, 2020-жыл.

Өкүнүчтүүсү,  Жеңишгүл эженин жазганынан 4 күн өтүп-өтпөй Ташбоо Рахманбердиевичтин келбес сапарга узагандыгы тууралуу суук кабарды уктук. Аттиң…

Тарталбай тизгинин өмүрдүн,

Түмөндүү түйшүккө көмүлдүм.

Атымды Жеңишкүл койсо да,

Албуут, тар тагдырга жеңилдим” деп Жеңишкүл эже адам баласын кээде кубантып, кээде кайгырткан “албуут, тар тагдырдын” оор сыноолорун мурда бир ыр саптарында жазган экен…  Билебиз, жакын адамдардан айрылуу оор сыноолордун эң оору, Жеңишкүл эже.

Ак-кара, ачуу-таттуу, жапыз-бийик,

Күн чыгат кара түндү түрүп ийип.

Күтүүсүз кар борошо уруп калса,

Кайрадан жарк дейт асман күлүп ийип!” деп өзүңүз жазгандай, аза кайгысын, жүрөк сыздашын убакыт дарылайт. Сизге, уул-кыздарыңызга, бардык жакындарыңызга аза кайгысын бөлүшүп, чын дилден көңүл айтабыз.

Коомдук ишмер Ташбоо Жумагулов 1950-жылы 16-январда Талас облусунун Жоон-Дөбө айылында туулган. КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Кыргызстандын Түркиядагы толук жана ыйгарымдуу элчиси болуп эмгектенген. Агартуу жана маданият тармагында көп жыл үзүрлүү эмгектенген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Маркум Ташбоо Жумагуловдун сөөгү Мосвадан Кыргызстанга качан алынып келинет?..

  1. Уведомление: Алакан

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.