ӨКМ обсервацияда жаткан жарандарга кандай тамак-аш берилип жатканын билдирди

ӨКМ обсервацияда жаткан жарандарга кандай тамак-аш берилип жатканын билдирди

Обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, үч маал ысык тамак-аш өлкө аймактарындагы уюштурулган чет өлкөдөн келген жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу жайларында берилүүдө. Маселен, Бишкек шаарында обсервацияда жайгаштырылган жарандарга түшкү тамактанууга самсы, ган-фан, чай, нан берилсе, эртең менен каша, сууга бышырылган жумуртка, нан, чай, ал эми кечкисин рагу, нан,чай берилет. 
ӨКМ министри Замирбек Аскаров ӨКМнин тиешелүү жетекчилерге обсервацияда жайгашкан жарандардын муктаждыктарын өз убагында камсыздоо тапшырмасын коюп, жер-жерлерде дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү милдеттендирген жана ӨКМнин тиешелүү жетекчилерине керектүү жабдыктар, коргоочу костюмдар, күйүүчү-майлоочу майлар, азык-түлүк боюнча маселе болбошу керек экендигин эскерткен. «Акча каражаты жетишээрлик деңгээлде бөлүнүп жатат, Президентибиз, Өкмөт жетишээрлик каражат бөлүп берүүдө. Биз элибизге мекенчилдик жана абийирдүүлүк менен ак кызмат өтөп берели«, — деген Замирбек Аскаров.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.