Кудай сакта! Коронавирус жуктургандарын саны көбөйүп эле баратат да, 270ге жетти

Кудай сакта! Коронавирус жуктургандарын саны көбөйүп эле баратат да, 270ге жетти

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун брифингдеги бүгүнкү (8-апрелге карата) билдирүүсүнө караганда, коронавирус дагы 42 адамга (16сы — эркек, 26сы — аял. Алардын арасында 13 медицина кызматкери бар) жукканы аныкталган.

Министрдин айтымында, жыйырма төртү Ош облусунан, ону Бишкектен, бешөө Нарын облусунан, экөө Чүй облусунан, бирөө Жалал-Абад облусунан. Ошентип, жаман илдетти жуктургандардын саны 270ге (алардын төртөө каза болгон, 25и айыгып чыккан) жетти.

Эске сала кетсек, 25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу аймактарга өзгөчө абал киргизилген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.