УКМК: “Коронавирус тууралуу социалдык тармакка жалган маалымат тараткандар кармалды”

УКМК: “Коронавирус тууралуу социалдык тармакка жалган маалымат тараткандар кармалды”

Коронавирус тууралуу социалдык тармактар аркылуу жалган маалымат тараткан үч жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, коронавирус жана карантин режими тууралуу провокациялык материалдарды социалдык тармактарга тараткан 1989-жылы туулган Т.у.Ч., 1986-жылы туулган А.Т.А. жана 1998-жылы туулган Ж.Т.М. кармалган. Алардын мындай иш-аракеттерине юридикалык баа берилип, тиешелүү чаралар көрүлөт. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин алар элден кечирим сурашкан.

Ошондой эле УКМК жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын катуу эскертти.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.