Ала-Арча суусуна кулап түшкөн жигит куткарылды, абалы орто

Ала-Арча суусуна кулап түшкөн жигит куткарылды, абалы орто

Бишкек шаарындагы Ала-Арча суусуна 30 жаштагы эркек кулап түшүп, куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, окуя кечээ, 8-апрелде, саат 14:34тө Биринчи Май районундагы Медеров жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ал жердеги Ала-Арча суусуна 1990-жылы туулган А.С. аттуу эркек киши кулап түшкөн. Жабыркаган адамды куткарууга ӨКМнин куткаруучулары барып, суудан алып чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Анын абалы орто.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.