Президент Сооронбай Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынан жардам сурады

Президент Сооронбай Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынан жардам сурады

Президент Сооронбай Жээнбеков 8-апрелде банктын президенти Бандар Хажжар менен телефондон сүйлөшүп, коронавирустун жайылышынын социалдык-экономикалык залакасын жумшартыш үчүн Кыргызстанга көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, банктын жетекчиси Б.Хажжар коронавирус дүйнө өлкөлөрүнүн эли менен экономикасына олуттуу чакырык болуп жатканын баса белгилеп, Кыргызстанга тиешелүү колдоо көрсөтүү маселесин карай тургандыгына ишендирди.

Эске сала кетсек, буга чейин президент С.Жээнбеков коронавирус пандемиясы өлкө экономикасына терс таасир тийгизип жатканын айтып, Дүйнөлүк банктан, Европа Биримдигинен, Азия өнүктүрүү банкынан, Эл аралык Валюта Фондунан да жардам сураган. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин маалыматы боюнча, быйыл өлкө бюджетине 28 миллиард сом түшпөй калуу коркунучу бар.

18-марттан 8-апрелге чейин Кыргызстанда COVID-19 вирусу 270 адамга жукту, алардын төртөө каза болду, 25и айыгып чыкты.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.