Таластыктар Өмүрбек Бабановдон Тез жардам унаасын сурап кайрылышты. Жардам берээр бекен?

Таластыктар Өмүрбек Бабановдон Тез жардам унаасын сурап кайрылышты. Жардам берээр бекен?

Биздин редакцияга (Аlakan.biz) Талас шаарынын тургундары көйгөйлүү маселе менен кайрылышты. Алар шаарга Тез жардам (скорая помощь) унаасы жетишпей жатканын айтып, экс-депутат, экс-премьер-министр, президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабановго жардам сурап кайрылып жатышканын билдиришти.

Талас облусундагы Талас шаарында 38 000 калк жашайт. Ушунча калкты бир гана пост тейлейт. Тез жардам унаасы жеткиликтүү эмес, өтө аз, эскилиги жеткен. Эскилиги жеткен унаалар бат-бат бузулуп калып, ооругандарды тейлөөгө жетишпей калган күндөр болууда. Талас шаарынын тез жардам бөлүмүнө жаңы, заманбап Тез жардам унаасы тезирээк керек. Азыркы олуттуу кырдаалды билип, сезип турасыздар. Карапайым калкка кайдыгер карабаган мекенчил жаран Бабанов Өмүрбек Токтогулович Кыргызстанга акча бөлдү деп уктук. Бирок, ал каражат кайда кандай бөлүнүп жатканынан кабарыбыз жок. Бирөөнүн эле чөнтөгүнө түшүп калбаса дейбиз…

Учурдагы кырдаалды эске алуу менен Өмүрбек Токтогулович Талас шаарындагы Тез жардам бөлүмүнө жаңы, заманбап унаа бөлүп берет деген терең ишеничтебиз”, — дейт Талас шаарынын тургундары.

2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо Талас облусунан Өмүрбек Бабанов 85,55% добуш алган. Шайлоо учурунда тез жардамдай эле иштеп, колдоп берген шайлоочуларына Тез жардам унаасын алып берет деген терең ишенимдебиз!

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты жана Талас облусунун тургундары Өмүрбек Бабановдун бир тууган эжеси Эркайым Бабанованын дүйнө салганына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.