ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Аба ырайы кайсы облуста кандай болот?

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Аба ырайы кайсы облуста кандай болот?

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Басма сөз кызматы аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү таратты. Алардын билдирүүсүнө караганда, эртең, 11-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү өрүктүн гүлдөгөн жана гүлдөп гүлү түшкөн бүчүрлөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч алып келет.

11-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-апрелде түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жана Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.  

13-апрелде түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.  Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында эртең менен жана күндүз жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

14-апрелде түнкүсүн  көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-15-апрелдерде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.