Пакистанда «Таблиги Жамаат» уюмундагы кыргызстандык коронавирустан каза болду

Пакистанда «Таблиги Жамаат» уюмундагы кыргызстандык коронавирустан каза болду

Бул тууралуу «The News» басылмасы бүгүн, 10-апрелде жазып чыкты. Алардын маалыматына караганда, Пакистанда кыргызстандык киши кечээ, 9-апрелде коронавирустан көз жумган. Анда коронавирус аныкталгандан кийин, ал 1-апрелде Райвинда Марказдагы ооруканадан Майодогу ооруканага которулган. Ал кант диабети менен да жабыркаган. 73 жаштагы Абдул Вахаб аттуу адам «Таблиги Жамаат» уюмунун өкүлү болгон.

Эске сала кетсек, кечээ, 9-апрелде брифингде Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев чет өлкөдө коронавирус аныкталган Кыргызстандык 23 жараны бар экенин билдирген. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 42 өлкөсүндө кыргыз жарандары бар. Башка мамлекеттер аба мейкиндигин жапкандыктан, аэропорттор жабылып, чек арадан өтүү убактылуу токтогондуктан чет мамлекеттердеги биздин жарандарды Кыргызстанга кайтарып келүү бир топ кыйын жана азыркы убакта мүмкүн эмес.

8-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жалпысынан 20-марттан бери бүгүнкү күнгө чейин чет мамлекеттерден чартердик рейс менен 4769 кыргызстандык алынып келгенин айткан. Ал мекенине кайтууга жардам сурап жаткан сырттагы мигранттарга кайрылып, аларды коронавирустун активдүү фазасы аяктаганча жолго чыкпай турууга чакырган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.