Индиядан даваттан келген адам кызы менен балдызына коронавирус жуктурган

Индиядан даваттан келген адам кызы менен балдызына коронавирус жуктурган

Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн-брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Каракол шаарында коронавирус эки адамга жуккан. Аларга  22-мартта Кыргызстанга Индиядан даваттан учуп келген 30 жаштагы киши жуктурган. Вирус 2015-жылы төрөлгөн кызы менен 2009-жылы төрөлгөн балдызына жуккан.

Мадамин Каратаевдин буга чейин билдирүүсүнө караганда, коронавирус дагы 38 адамдан табылып, жалпы саны 377ге жеткен.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.