Испаниядан келип, обсервацияга алынган адамдын апасы каза болду

Испаниядан келип, обсервацияга алынган адамдын апасы каза болду

Бүгүн, 12-апрелде Ош шаары, Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов онлайн-брифинг учурунда жарандардын жана журналисттердин суроолорго жооп берди. Анда “Спутник Кыргызстан” сайтынын журналисти Элеман Карымшаков төгөндөгүдөй суроо узатты:

-“Кара-Суу районунун Жар-Ооз айылында бир жигит Испаниядан келгенин жашырып койгон. Анда коронавирус болгондуктан апасына жугуп, апасы каза болуптур” деген аудиомаалыматтар WhatsApp аркылуу тарап жатат. Ушул боюнча комментарий берип коесузбу?

— Ооба. Ал жигит жогорку окуу жайларда жетекчилик кызматта иштейт экен. Булар жалпы бир чоң окууга барышкан экен, ал жактан 1-мартта келишкен. Келгендер боюнча жашырылганбы, жашырылган эмеспи толук кандуу иликтөө жүрүп жатат. Ал эми ал жигиттин апасы каза болгондугу анык. Куран окутулган, көп киши барган эмес, аз киши жүздөй адам, ашып кетти дегенде жүз жыйырма барган. Алардын баары бүгүнкү күндө анализ тапшырган. Ал жактагы көчөлөрдүн баары дезинфекциядан өттү. Биз азыр тергөө иштерин да кошо улантып жатабыз.

Ооруну жаап жашыруу – бул чын-чынына келгенде чыкканчылык. Эгер биз жаап жашырганын аныктап калсак, ошол жарандын абалы мурунку калыбына келгенде гана мыйзам чегинде жоопко тартабыз. Ооруп жатканда жоопкерчиликке тартат деген маселе жок.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.