Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын экономикасы 5 миллиард сом зыянга учурады

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын экономикасы 5 миллиард сом зыянга учурады

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 11-апрелде республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, коронавирус илдетинен улам экономика 5 миллиард сом зыян тартты. Анын ичинен салыктардан 1,5 миллиард сом, бажы төлөмдөрүнөн 3,8 миллиард сом түшпөй калды.

Ал эми Финансы министрлигинин алдын ала божомолу боюнча, быйыл бюджеттин киреше бөлүгү 30 миллиард сомго чейин толбой калышы ыктымал.  Учурда Азия өнүктүрүү фондунан 100 млн. доллар, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан 100-150 млн. доллар жана Ислам өнүктүрүү банкынан 11 млн. доллар алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал эми Эл аралык Валюта Фонду буга чейин Кыргызстанга 120,9 млн. доллар жеңилдетилген насыя берген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын экономикасы 5 миллиард сом зыянга учурады

  1. Небре чоброго чейин уурдап басып койгондорду, жакшы текшерип, мамлекетке кайтаруу керек. Миллиардтаган байлыгы менен отургандар бар бир тыйын чыгарбай.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.