Кыргыздарды ыплас сөз менен сөккөн келин кармалып, калктан кечирим сурады

Кыргыздарды ыплас сөз менен сөккөн келин кармалып, калктан кечирим сурады

Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, Жалал-Абад шаарында кыргыздарга акаарат келтирген келин кармалып, калктан кечирим сураган. Анын өздүгү тастыкталган. Ал Жалал-Абад шаарынын 1996-жылы туулган тургуну К.М. аттуу келин экени такталып, Жалал-Абад ШИИБге алынып келинген. Бу факт  Жазык кодексинин 313-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. К.М. туура эмес кылганын түшүнүп, кечирим сурап, мыйзам алдында жооп берээрин билдирген.

Эскерте кетсек, К.Мнин ыплас сүйлөгөн видеосу кечээ, 11-апрелде социалдык тармактарга тараган. Анда ал: «Кыргызстан жана анда жашаган кыргыздар сасыктар, карантин бүтсө Кыргызстандан кетем»,- деген. Видеодон анын жанында кичинекей бала бытыкый колу менен анын оозун жаап жатканын көрүүгө болот. Бу видеодон кийин социалдык тармактын колдоочулары ага нааразы болушкан…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.