Ташбоо Жумагуловдун сөөгү Орусиядан Бишкекке келип, “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду

Ташбоо Жумагуловдун сөөгү Орусиядан Бишкекке келип, “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын бүгүнкү (13-апрелдеги) билдирүүсүнө караганда, 11-апрелде Кыргызстанга Орусиядан үч адамдын сөөгү Казакстандын аймагы аркылуу автотранспорт менен Кыргызстанга жөнөтүлгөн.

Алардын арасында коомдук ишмер Ташбоо Жумагуловдун сөөгү Кыргызстанга келгенин маркумдун жердеш иниси Эшенкул Барпиев билдирди. Анын айтымында, маркумдун сөөгү кечээ, 12-апрелде, кечки саат 19:30да Бишкекке келип, бүгүн, 13-апрелде, саат 11:00дө “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлуп, куран окулган.

Эске сала кетсек, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мурдагы жетекчиси, Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Ташбоо Жумагулов 70 жаш курагында 6-апрелде Орусиядагы (Центральная клиническая больница Управления делами Президента РФ) ооруканадан көз жумган. Коронавирус карантинге байланыштуу сөөгү ушул убакка чейин кармалып калган.

Маркумдун өмүрлүк жары белгилүү драматург Жеңишгүл Өзүбекованын жазганын бу жердеги ШИЛТЕМЕден жана Некрологду окуй аласыздар!

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркум Ташбоо Жумагуловдун өмүрлүк жары Жеңишгүл Өзүбековага, балдарына, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.