Алмазбек АКМАТАЛИЕВ: “Өзгөчө абал жөнүндө Өкмөт кандай чечим кабыл алса да, ал чечимди колдошубуз керек!”

Алмазбек АКМАТАЛИЕВ: “Өзгөчө абал жөнүндө Өкмөт кандай чечим кабыл алса да, ал чечимди колдошубуз керек!”

1-вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимин узартуу сунушун президентке айткандан кийин, социалдык тармак колдонуучулар аны кызуу талкуулап, дүрбөлөңгө түшүп турган убагы…

“Фейсбуктагы” активдүү агайыбыз, Башкаруу академиясынын ректору, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев өзүнүн баракчасына төмөндөгүдөй пикир калтырды.

Анда ал: “Өзгөчө Абалды токтотуш керекпи же узартыш керекпи деген суроону ар бир түшүнгөн кыргыз бири-бирибизге берип, бул маселенин үстүнөн түйшөлүп жаткан учурубуз… Өтө татаал маселе жана суроо. Себеби: эч ким айталбайт, эртең же бүрсүгүнү канча киши ооруга чалдыгат, алар эмне кишилер.. Вирус бүгүн канча кишиде бар экенин да эч ким билбейт. Бизде эле эмес, дүйнөнүн бир да мамлекети билбейт! Эртең вирус кандай өзгөрүп, кандай кубулушу мүмкүн, аны да эч ким билбейт. Ошол үчүн мындай жабык, түшүнүксүз шартта туура чечим кабыл алыш өтө татаал.
Экинчи жагдай: Өкмөт Өзгөчө абал жөнүндө кандай гана чечим албасын, анын ишке ашуусу, аткарылышы элдин жүрүм
турумуна, тартибине, тазалыгына, биримдигине байланыштуу болот! Өкмөт: Өзгөчө Абал бүттү деп койсо эле вирус ага баш ийип калбайт да. «Бүткөн жок, абал дагы деле узарат» десе деле вирус күчөп кетеби жокпу, эч ким билбейт.
Ошол үчүн өтө парадоксалдуу тыянак: Өзгөчө абал жөнүндө Өкмөт кандай чечим кабыл алса да, ал чечимди колдошубуз керек! Баары бир гигиенаны сактап, көчөдө лайлыбай, этият болуп туруубуз абзел! Жагдай ошондой
!”,-деген.

Эске сала кетсек, бүгүн, 13-апрелде, президент Сооронбай Жээнбеков биринчи вице-премьер-министр, Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Бороновду кабыл алган. Анда вице бүгүнкү кырдаал боюнча маалымат берип, аны узартуу сунушун киргизген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Булак: Аlakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.