Кубатбек БОРОНОВ: “Эгер ошол маалымат сиздердин аброюңуздарга шек келтирсе, анда кечирим сурайм”

Кубатбек БОРОНОВ: “Эгер ошол маалымат сиздердин аброюңуздарга шек келтирсе, анда кечирим сурайм”

Бүгүн, 13-апрелде 1-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн-брифингде жалпы дарыгерлерден кечирим сурады, алар анын сөзүн туура эмес түшүнүп алышканын баса белгиледи.

Буга чейинки брифингде медицина кызматкерлери боюнча айткан маселе бар болчу. Ал жердеги маалыматты айтканда, бирөөнүн аты-жөнүн, же бирөөнүн купуя сырын айтуу боюнча маселе болгон эмес. Маселенин негизги максаты – инфекцияны дарыгерлердин гана эмес, ошондой эле мамлекеттик органдардын башка кызматкерлеринин да алдын алуу болгон.

Жалпы медициналык кызматкерлерден расмий түрдө кечирим суроого даярмын. Эгерде, аброюңуздарга шек келип калса, кечирим сурайм. Туура түшүнүңүздөр, андай ой менен айтылган маселе эмес. Биз медициналык кызматкерлерди колдоп, ар дайым жардам көрсөтөбүз. Штабдын башчысы катары алар менен тыгыз байланышта иштеп, алардын канчалык деңгээлде эрдик менен иштеп жатканын өз көзүм менен көрүп жатамын. Ошондуктан, эгерде туура эмес кабыл алынып калынса, туура эмес түшүнсөңүздөр, мен кечирим сураймын” – деп билдирди Кубатбек Боронов.

Эске сала кетсек, 8-апрелде Боронов: «Оштогу инфекциялык ооруканада иштеген бир дарыгер умрага барып келген кошунасынын чайына барып, ошол жактан жугузуп алганы такталып жатат. Ал өзү билбей жүрө берип, кесиптештерине да жугузганы боюнча министрлик маалымат берди»,-деген.  Эртеси, 9-апрелде коронавирустан чалдыккан дарыгер Тамила Нуркамилова виценин айтканын четке кагып: «Дарыгер ажыдан келгендердин үйүнө барып, чай ичип ооруп, башка медицина кызматкерлерине жугузду” деген кур доомат, жалган жалаа»,-деген эле. Дарыгердин кайрылуусунан кийин, медицина кызматкерлери Бороновго нааразычылыгын билдирген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Булак: Аlakan.biz

One thought on “Кубатбек БОРОНОВ: “Эгер ошол маалымат сиздердин аброюңуздарга шек келтирсе, анда кечирим сурайм”

Добавить комментарий для ИбраОтменить ответ

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.