Ырчы Стас Михайлов коронавирус илдетине чалдыкты

Ырчы Стас Михайлов коронавирус илдетине чалдыкты

50 жаштагы Орусиялык ырчы Стас Михайлов коронавирус илдетине чалдыкканы тууралуу ырчы өзүнүн Инстраграм баракчасына жазып чыкты. Анда ал мындай абалга туш болоорун эч ойлобогонун, бирок, чындык экенин айтып, коронавирус болгонун тест тактыктаганын жазган. Ошондой эле ал Керектөөчүнүн укугун жана адамдын саламаттыгын коргоону көзөмөлдөө боюнча федералдык кызмат (Роспотребнадзор) тарабынан “толук айыгып чыкты” деген жоопту күтүп жатканын билдирген.

Буга чейин, марттын аягында Орусиянын 78 жаштагы ырчысы Лев Лещенконун да коронавирус илдетин жуктуруп алганы тууралуу орус басылмалары жазып чыккан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Булак: Аlakan.biz

One thought on “Ырчы Стас Михайлов коронавирус илдетине чалдыкты

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.