Александр ЛУКАШЕНКО: «Беларуста коронавирустан эч ким өлгөн жок жана өлбөйт»

Александр ЛУКАШЕНКО: «Беларуста коронавирустан эч ким өлгөн жок жана өлбөйт»

Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкөдө коронавирустан эч ким өлбөгөнүн жана мындан кийин да өлбөй турганын билдиргени тууралуу мамлекеттик БелТА маалымат агенттиги жазды.

Алардын айтымында, Лукашенко COVID-19 диагнозу коюлгандан кийин каза болгон беларустар коронавирустан эмес, өнөкөт ооруларынан улам көз жумушту деп эсептейт. «Коронавирус кант диабети, жүрөк-кан тамыр жана өпкө оорулары сыяктуу көптөгөн өнөкөт илдеттерди козгойт. Биз Кытай, Америка жана Европанын тажрыйбасына таянып, кандай иштеш керектигин көрүп жатабыз, адамдарды коргоо үчүн дарылардын комбинациясын таптык. Эгер бейтаптар өздөрүн таштап койбосо, сөзсүз айыгып чыгышат», — деди Лукашенко.

Буга чейин Лукашенко коронавируска каршы азыраак арак ичип коюу жана мончо пайдалуу болорун айткан.

Беларустун Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматына ылайык, 13-апрелге карата өлкөдө коронавирус инфекциясынан 29 киши өлдү. Жалпы вирус жуктургандардын саны дээрлик үч миңге жетти.

Ошол эле маалда Беларус Европадагы карантин киргизбеген жана массалык иш-чараларды токтотпогон аз өлкөлөрдүн бири. Ушу тапта пандемияга карабастан, өлкөнүн футбол боюнча чемпионаты уланууда. Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму беларус бийлигине кайрылып, өлкөдө коронавирус инфекциясы күч алып кетиши ыктымал экенин эскертип, ооруканаларды талаптагыдай деңгээлде даярдоого, ошондой эле массалык иш-чараларды, анын ичинде 9-майга карата пландалган Жеңиш парадын токтотууга үндөгөн. Жооп катары Беларустун Коргоо министрлиги парад өз убагында өтөрүн, Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө карантин киргизүү зарылдыгы жок экенин билдирген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы, alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.