Нурболот ҮСӨНБАЕВ: “Кыргызстанда коронавирустун жеткен чеги 20-24-апрелде болушу мүмкүн”

Нурболот ҮСӨНБАЕВ: “Кыргызстанда коронавирустун жеткен чеги 20-24-апрелде болушу мүмкүн”

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин бүгүн, 14-апрелге карата брифингдеги билдирүүсүнө караганда, дагы 11 адамдан коронавирус аныкталган.

Анын айтымында, жаңы учурлар Бишкек шаарында сегиз, Чүй облусунда бир, Жалал-Абад облусда эки адам катталган. Ушу менен бул илдетке чалдыккандардын саны 430га жетти, бешөө каза болду, 71 адам айыгып чыкты. Ооруканадагы 13 бейтаптын абалы оор.

Ошондой эле Н.Үсөнбаев болжол менен коронавирустун жеткен чеги 20-24-апрелге туура келиши ыктымалдыгын, анын мөөнөтүн аныктоо үчүн адистерден, окумуштуулардан турган атайын топ түзүлгөнүн айтты.

«Биз тезирээк илдетти жеңүүнүн эң жогорку көрсөткүчкө жетүүнү каалайбыз, анткени анын артында төмөндөө бар. Ошондо биз инфекцияны алдын алуу иштерин жыйынтыктамакпыз. Бизде өлкөдөгү абалды божомолдоо боюнча иштер жүрүүдө, күн сайын иликтөө, байкоо жүрүп жатат. Кыргызстанда коронавирустун жеткен чеги 20-24-апрелде болушу мүмкүн. Ушул убакыт эртерээк өтүп кетсе, вирусту жуктургандар азайып баштайт эле. Ушул аралыкта дарыгерлердин айтканын аткарып, койгон чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алышыбыз керек. Ошондо гана биз жай турмушка кайта алабыз«, — деди Нурболот Үсөнбаев.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы, alakan.biz

One thought on “Нурболот ҮСӨНБАЕВ: “Кыргызстанда коронавирустун жеткен чеги 20-24-апрелде болушу мүмкүн”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.