Орусиялык  “Газпром” газга төлөмдү 2,3 сомго кымбаттатпай калды. Канчага чейин?…

Орусиялык  “Газпром” газга төлөмдү 2,3 сомго кымбаттатпай калды. Канчага чейин?…

Бүгүн, 14-апрелдеги Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумуна тармактык комитеттердин мүчөлөрү, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган тийиштүү Өкмөт өкүлдөрү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришти.

Маселен, депутат Жанарбек Акаев Кыргызстанда газ эмнеге кымбаттап кеткенине кызыкты. “Учурда дүйнө жүзүндө жаратылыш газы арзандап жатса, орусиялык “Газпром” компаниясы Кыргызстанга эмнеге кымбат баада сатып жатат?”, — десе, вице-премьер Эркин Асрандиев газдын кымбатташы долларга байланыштуу болуп жатканын: «Келишимде бул жакка келген газ баасы доллар менен бекитилгендиктен, нормативдик келишимге ылайык тариф өлчөмү ай сайын курска (доллардын) жараша кайрадан эсептелип турат» деп түшүндүргөн.

Алгач чыккан маалымат боюнча, апрелге карата 1 доллар баасы 82 сом болуп жатканына байланыштуу компания апрель айына газ төлөмүн калкка 1 м3 2,3 сомго – 15,3 сомдон 17,6 сомго, өндүрүш ишканаларына, коммерциялык түзүмдөргө жана бюджеттик уюмдарга 2,6 сомго – 18,7 сомдон 21,3 сомго кымбаттатмак. Бирок, кийинки маалымат боюнча, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев менен сүйлөшүп, көгүлтүр от баасын мурунку калыбында калтырууну макулдашышкан. Айтымында, компания учурдагы кырдаалды эске алып бааны көтөрүү оюнан кайткан.

Эске салсак, Орусиянын “Газпром” компаниясы “Кыргызгазды” шарттуу түрдө 1 долларга сатып алып, “Газпром — Кыргызстан” ишканасын түзгөн. Ошол “Газпром” компаниясы учурда Өзбекстандан газды дүңүнөн сатып алып, Кыргызстанга газдын ар бир миң кубун 250 АКШ долларынан сатат.

Ал эми төлөмдөр боюнча, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев айткан “ЕАЭБ алкагындагы эсеп-кысаптарды улуттук валютага өткөрүү боюнча жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр” натыйжалуу ишке ашып эле чекит койбосо, туруктуу эмес доллар курсу дагы далай маселе жаратары турган иш. Карантин аяктаганда, ааламдагы экономикалык-социалдык абал кандай болору күмөн учурда, газ төлөмү көтөрүлбөйт дегенге кепилдик жок да.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы,

Булак: Alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.