Руслан КАЗАКБАЕВ: “Өзгөчө абалды орозо бүткөнчө узартуу туура, антпесе коронавирус күч алып кетиши ыктымал…”

Руслан КАЗАКБАЕВ: “Өзгөчө абалды орозо бүткөнчө узартуу туура, антпесе коронавирус күч алып кетиши ыктымал…”

Бүгүн, 14-апрелдеги Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумуна тармактык комитеттердин мүчөлөрү, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган тийиштүү Өкмөт өкүлдөрү катышып, депутаттардын сунушун угуп, суроолоруна жооп беришти.

Депутат Руслан Казакбаев Саламаттык сактоо министри Сабиржан Токтосунович коронавирустун туу чокусу 20-25-апрелге барат деген сөзүндө күмөнү бар экендигин баса белгилеп, дүйнөлүк эксперттер майдын аягында, июнда гана чегине жетет деген сөзүн мисал келтирип, өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн Рамазан айы бүткөнгө чейин узартууну сунуштады. «Болжол менен 24-апрелде орозо башталат.  Мүмкүн өзгөчө абалды орозо бүткөнгө чейин узартуу туурадыр… Ачып жиберсеңер эл чогула баштайт. Рамазан айында адамдар бири-бирине каттап, көп адам чогулгандыктан коронавирус дагы күч алып кетиши ыктымал«, — деди.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 13-апрелде 1-вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду кабыл алган, жолугушууда ал карантинди узартууну сунуштаган. Бүгүн, 14-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жарлыкка кол коюп, Жогорку Кеңешке бекитүүгө жиберди. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Булак: alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.