Видео — Элвира СУРАБАЛДИЕВА: «Вирус жок» деп элге жагынам деген саясатчыны беткапсыз оорукананы кыдыртыңыздар»

Видео — Элвира СУРАБАЛДИЕВА: «Вирус жок» деп элге жагынам деген саясатчыны беткапсыз оорукананы кыдыртыңыздар»

Бүгүн, 14-апрелдеги Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумуна тармактык комитеттердин мүчөлөрү, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган тийиштүү Өкмөт өкүлдөрү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берип, сунуштарын укту.

Депутат Элвира Сурабалдиева жакында эле вице-премьер-министр болгон Аида Исмаиловага «коронавирус жок» деп билдирүү жасаган саясатчыны оорукананы кыдыртуу сунушун айтты.

Ал: «Кээ бир саясатчыларыбыз «вирус жок» деп элдин башын айландырып жатат. Аида Жекшенбаевна, сизден сураныч, ушундай адамдарды жугуштуу оорулар ооруканасына беткапсыз экскурсия кылдыртып келиңиздер! Билесиз ким жөнүндө сөз болуп жатат. Мен Сокулукка барсам жөнөкөй жарандар: «Абройлуу эле киши айтты, чынында эле вирус жокпу?!»,- деп сурап жатат. Ал саясатчы элге жагынам деп алардын мээсин айландырууда«, — дейт Элвира Сурабалдиева.

Ал эми Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев дагы 11 адамдан коронавирус аныкталганын, бул илдетке чалдыккандардын саны 430га жеткенин бүгүн, 14-апрелге карата брифингде эртең менен билдирген.

Адахан МАДУМАРОВ, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери: “Таажывирус бул шылтоо”

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы, alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.