24 саат эркин жүрө турган ЖК депутаттары өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууга макул болушту

24 саат эркин жүрө турган ЖК депутаттары өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууга макул болушту

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңеште коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө өзгөчө абал режимин айдын аягына чейин узартуу маселеси талкууга алынып бүттү. Өзгөчө кырдаалдын мөөнөтүн узартууга, президенттин жарлыгына депутаттар макул болушту. Ошентип оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылды.

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков узартуу жарлыкка кечээ, 14-апрелде кол коюп, Жогорку Кеңешке бекитүүгө жиберген. Жаңы жарлыкка ылайык, Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда коменданттык сааттын убактысы эки саатка кыскарды. Кечки саат 21:00дон таңкы саат 06:00го чейин көчөдө адам да, машина да жүрбөшү керек.

Бирок, 24 саат бою ээн-эркин депутаттар менен дипломаттар жүрө алат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынын башчысы Алмаз Орозалиев айтты. Анын айткандарын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Булак: alakan.biz

One thought on “24 саат эркин жүрө турган ЖК депутаттары өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууга макул болушту

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.