30 жылда биринчи жолу Гималайды көргөн индия калкына карантинде кечирим суроо жазасын туура табышыптыр. Ал кандай жаза?

30 жылда биринчи жолу Гималайды көргөн индия калкына карантинде кечирим суроо жазасын туура табышыптыр. Ал кандай жаза?

Жаландхар шаарынын тургундары 30 жылда биринчи жолу терезесинен Гималайды көрүштү…

Тагырагы, кеп ааламдын эң бийик тоосу Гималай тутумуна кирген Дауладар (Dhauladhar) тоосу тууралуу болуп жатат. Пенжаба штатынын Дауладардан 200 чакырым алыстыктагы Жаландхар шаарынын тургундары карантинде абанын тазарышынын бир белгиси деп тоонун тыштан, терезеден тартылган сүрөттөрүн байма-бай интернетте бөлүшүп жатышат. Алардын айтканы, жазганы боюнча, мындай көрүнүш соңку 30 жылда биринчи жолу болуп жатат. Тоо чокусун алгач жолу көрдүм дегендер да жок эмес. Жолдор тынымсыз унаа кыймылынан, асман кыйма-чийме учак кыймылынан, зыяндуу калдыктары менен жер-суу, абаны булгаган ишканалар ишин токтоткону Индия эле эмес, ааламдын бардык жеринде табиятка оң таасирин берип жатканын жазгандар да толтура.

BFM News@NewsBFM

Гималайды 30 жылда биринчи жолу 125 чакырым ары жактагы Пенжабадагы Жаландхардан көрө алдык. Индияда 21 күндүк карантинде булгануу 33%га азайды, бул демек, жолдордо унаалардын азайгандыгы жана көп ишканалардын ишин токтотуп тургандыгы.

B S Bedi@Road2India

Гималай Жаландхардан биринчи жолу көрүнүп жатат. Бул табияттын кайрадан жаралуусу.

Harbhajan Turbanator

Дауладар Жаландхардагы үйүмө мынчалык жакын экенин билген эмесмин… мындайды элестеткен да жок элем… бул булгануунун Жер-Энеге тийгизген таасири канчалык экенинин бир далили…

Ааламдагы абасы өтө булганыч өлкөнүн бири — Индия

Билишибизче, Индия  ааламдагы абасы өтө булганган өлкөнүн бири. Greenpeace жана AirVisual уюмдарынын өткөн жылдагы маалыматтарын алсак, дүйнөдөгү абасы өтө булганыч 30 шаардын 22сы — ушул өлкөдө. 23-мартта өлкөдө жарыяланган карантин табиятка оң таасир берип, булгануу бир кыйла азайган. Маселен, алардын Булгануу боюнча борбордук кеңеши маалымдагандай, карантиндин үчүнчү күнүндө эле Аба сапатынын (AQI) орточо көрсөткүчү карантинге чейинки 115 деген ден соолукка зыяндуу деңгээлден 75 деген алгылыктуу деңгээлге түшкөн. Бул AQIнун 50дөн ылдый деген коопсуз деңгээли болбосо да, абанын булганышы сезилээрлик ылдыйлаганын далилдейт.

Индияда да карантин майга чейин узарды

Айтмакчы, Индия премьер-министри Нарендра Моди 23-марттан 14-апрелге чейин — 21 күнгө жалпы улуттук карантинди жарыялап, бийлик коомдук унаа, такси, метро жана темир жол иштерин чектеп, өлкө жашоочуларына зарыл себепсиз көчөгө чыкпоону эскертишкен. Полициясы бейчеки жүргөндөрдү сабап жатышты эле, эми жазалоонун өзгөчө жазасын табышыптыр: көчөдөн тутулган адам, мейли чет элдик болсун же өлкө жараныбы, элден кечиримди баракка 500 жолу көчүрүп жазып сурап жатышыптыр. Болгондо да хинди тилинде. Indian Express жергиликтүү гезити Индиянын түндүгүндөгү Уттаракханд штатында ушундай жазага көчөдөн тутулган 10 чет элдик  кириптер болгонун жазып чыкты.

Ал эми Индияда карантин мөөнөтү 1-майга чейин узартылды. Бул өлкө азыр таажы тумоосу көп катталып жаткан өлкөлөр тизмесинде 19-орунда. Өлкөнүн саламаттык жана бакубат үй-бүлө министрлиги таажы тумоосу 10541 адамдан табылганын, алардын 1205и айыккандар, 358 адам каза болгонун, 6565 адам дарыланып жатканын билдирди.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Булак: alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.