Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Өзгөчө абалды узартуу аргасыздык болду. Бүгүн биз баарыбыз бир кайыктабыз”

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Өзгөчө абалды узартуу аргасыздык болду. Бүгүн биз баарыбыз бир кайыктабыз”

Бүгүн, 15-апрелде парламентте президент алдында жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү жана “Республика – Ата Журт” партиясынын тизмеси менен шайланып келген Айгерим Бейшембаев жана “Кыргызстан” саясий партиясынын жаңыдан мандатка ээ болгон депутаты Саматбек Ибраев ант беришти.

Президент ант бергендерди куттуктап, алар оор учурда ишке киришкенин баса белгилеп, алар билимин, тажрыйбасын, элге кызмат кылууга арнайт деген үмүтүн билдирди. Андан соң өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга токтолуп, аны узартууга аргасыздык болгонун түшүндүрдү.

Өзгөчө абалды узартуу аргасыздык болууда. Жарандарыбыз кыйналып жатканын көрүп турабыз. Айрыкча, күнүмдүк тамак-ашын таап, үй-бүлөсүн багып жаткан жарандарыбыз кыйналып жатышат. Карантин биздин экономикага да катуу терс таасирин тийгизди. Оору азая турган учурга жете элекпиз. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай, бүгүн биз баарыбыз бир кайыктабыз. Бул илдетти ынтымак, сабырдуулук менен жеңип чыгабыз ”,- деди президент С.Жээнбеков.

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 13-апрелде 1-вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду кабыл алган, жолугушууда ал карантинди узартууну сунуштаган. Президент 14-апрелде тиешелүү жарлыкка кол коюп, Жогорку Кеңешке бекитүүгө жиберген. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болгон.

Бул маселе бүгүн, 15-апрелде парламенттеги сессияда каралып жатат. Алтынбек Сулайманов өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууну өкмөт түшүндүүсүн сунуштаса, аны Садык Шернияз колдоду. Ал эми Исхак Масалиев жарлыкты кийинки отурумда кароону сунуштады. Кыскасы,  карантинди узартуу маселеси боюнча депутаттар бир пикирге келе элек.

Ал эми Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, эртең менен 15-апрелге карата брифингде 19 адамдан коронавирус табылганын, Кыргызстанда жалпы саны 449ге жеткенин билдирген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

 

 

One thought on “Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Өзгөчө абалды узартуу аргасыздык болду. Бүгүн биз баарыбыз бир кайыктабыз”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.