Өткөрмө кагазы жок ЖК депутаттары, дипломаттар 24 саат эркин жүрө алат экен. Эмне аларга коронавирус жукпайбы?

Өткөрмө кагазы жок ЖК депутаттары, дипломаттар 24 саат эркин жүрө алат экен. Эмне аларга коронавирус жукпайбы?

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңеште коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартуу маселеси талкууга алынууда. Өкмөт мүчөлөрүнө депутаттар суроолорду берүүдө.

Депутат Тазабек Икрамов кээ бир посттордо депутаттардан депутаттык күбөлүк сурап, өткөрмө кагаз талап кылган учурлар болуп жатканына нааразы болуп, мындай көрүнүш боюнча суроо узатты. Ага Бишкек шаарынын комендатурасынын башчысы Алмаз Орозалиев жооп берди. “Баш мыйзамдагы “Өзгөчө абал тууралуу” беренеге ылайык, ЖК депутаттары, дипломаттык макамы бар жарандар өткөрмө кагазы жок 24 саат бою эркин жүрө алышат. Эгер андай учур катталса, комендатурага кайрылыңыздар, бир чара көрөбүз”, — деди А.Орозалиев.

Эгер өткөрмө кагазы жок 24 саат бою депутаттар, дипломаттар ээн-эркин жүрө турган болсо, анда аларга жана алардан коронавирус жукпайт деп ким кепилдик берет? Эмне алар бири-бирине, туугандарына каттабайбы? Жанына тууган-туушканын салып алып деле өтүп кете береби посттордон? Бүгүн эле эртең менен президент: “Баарыбыз бир кайыкта баратабыз” деди эле го?! Же алар башка кайыктабы? Өзгөчө абал учурунда мыйзам баарына бирдей иштеши керек жана “депутаттар, дипломаттык макамы бар жарандар” 24 саатта мамлекетке керек эмне иш бүткөрүп жүрүшкөнү коомчулукка жарыяланышы абзел. Болбосо, көбүнүн алган, минген аттары менен мактанган эстафета флешмобунан башка иш-аракетти көрө элекпиз (балким арасында элге жарыя кылбай муктаждарга жардам берип жүргөнү бар чыгар).

Эске сала кетсек, коронавирустун жайылышына жол бербөө максатта Кыргызстанда 25-марттан бери өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал жарыяланган. Ага ылайык кечки саат 20:00дон таңкы саат 07:00го чейин көчөдө бир да адам, машина жүрбөшү керек. Үч гана нерсеге уруксат берилген: дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага барууга. Аларга баруу үчүн да колуңда маршруттук баракча жана кимдигиңди, кайда жашарыңды тастыктаган документ же справка болушу керек.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Булак: alakan.biz

One thought on “Өткөрмө кагазы жок ЖК депутаттары, дипломаттар 24 саат эркин жүрө алат экен. Эмне аларга коронавирус жукпайбы?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.