UFC уюмунун мурунку мушкери Аскрен мушкер Шевченкону “Орусиянын тыңчысы” атады

UFC уюмунун мурунку мушкери Аскрен мушкер Шевченкону “Орусиянын тыңчысы” атады

UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону, мушкер Валентина Шевченкону “орусия тыңчысы” атаган UFC уюмунун мурунку мушкери Бен Аскрендин сөзүн “Essentially Sports” сайты жазып чыкты.

Аскрендин пикири боюнча, Шевченконун спорттон башка өтө маанилүү миссиясы бар, UFC 251 турнирине катышпай тургандыгы да ошол себептен. “Сенин башкы милдетиң — UFC’деги титулуңду коргоо эмес, биз. Жаракат алганыңды айтып беттештен четтейсиң да тыңчылык ишти аткарасың» деп аны алдыдагы милдеттүү миссиясын аткарууга жөнөтүштү”, — дейт Б.Аскрен.

Кыргызстандын кыраан кызы Валентина Шевченконун сегиз бурчтук ичиндеги жана андан сырткары ийгиликтери, жетишкендиктери экс-мушкер Бен Аскрен “тыңчы” дегенди айтканга чейин эле ар кыл уламыш-айың-кепти жаратып келаткан. Шевченкону тыңчы атаган Аскрендин тыңчылык боюнча жүйөлөрү да  мындай: “Ал бир канча тилде сүйлөйт, курал-жарак боюнча эксперт, учак башкарганды билет, анан анын улуту орус, туурабы?!”

Валентина Шевченко Аскрендин бул кыйытмаларына “I Am not A Spy”— “Мен тыңчы эмесмин”деген жообун эчак эле берген. Аскрен келтирген “өнөрлөргө” кызыгууну Жеймс Бонд тартуу кылганын айткан: “Жеймс Бонд – колунан баары келген универсал адам, унаа башкарат, учак башкарат, жел кайыкта сызат, таамай атат, айтор, эмне кааласа бардыгын кылат. Ошондой адам болуу менин турмуштагы башкы умтулуум болду. Көптү билүү, көптү билүү – мени алдыга жетелеген себептер, ушуга умтулуп, ушундай болууга аракет кылып келем”. Бул сөзүн Шевченко Жоан Калдервуд менен болчу беттештен четтеткен жаракатты алган Кэтлин Чоокягян менен болгон мушташ алдында айткан.

Эске салсак, ушул жылдын 6-июнунда Австралиянын Перте шаарындагы UFC 251 турниринде кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко шотландиялык спортчу Жоан Калдервуд менен беттешмек. Ал беттеш белгисиз себептерден улам жылганын ESPN телеканалы билдирген. Кечээ бул каналга Шевченко февралда Кэтлин Чоокягян менен болгон беттеште бутунан алган жаракаты толук жакшырбаганын, август аягына чейин калыбына келип каларын билдирген. Атаандашы Колдервуд болсо, таймаштын жылганына коронавирус эмес, Шевченко тараптагы кандайдыр бир маселе себеп дегендей пикирин айткан. Анын айтымында, UFC уюмунан таймаш мөөнөтүн жылдырууну Шевченко өтүнгөн.

Эгер UFC уюмунун пландалган турнирлер тизмесин алсак, дүйнөгө жайылган COVID-19 таажы тумоосуна байланыштуу бир канчасы апрелден бери белгисиз мөөнөткө жылдырылып келет жана качан болору дале күмөн экендиги 9-апрелде да кайталанып айтылды.

 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Булак: alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.