ӨКМ кайсы облустарда үшүк жүрүшү тууралуу шашылыш билдирүү таратты

ӨКМ кайсы облустарда үшүк жүрүшү тууралуу шашылыш билдирүү таратты

ӨКМнин басма сөз кызматынын бүгүнкү, 17-апрелдеги билдирүүсүнө караганда, 17-18-апрелде түнкүсүн Талас облусунун дыйканчылык аймактарында  0…-20 үшүк, 18-19-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-20 үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч алып келет.

Бүгүн республиканын аймагында, күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.