Бүгүн Түркиядагы кыргызстандыктардын учуп келүүсү күтүлүүдө…

Бүгүн Түркиядагы кыргызстандыктардын учуп келүүсү күтүлүүдө…

Бүгүн, 17-апрелде Стамбул – Бишкек аба каттамы менен Түркиядан кыргызстандыктардын келүүсү күтүлүүдө. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, депутат Исхак Пирматов кечээ “Фейсбуктагы” өздүк баракчасына жазды.

Анда ал премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге расмий кат жибергенин, Өкмөт чартердик рейстерди аткарууга убада бергенин жана депутат Наталья Никитенко менен Жеңиш Молдокматов кызматташып, жардам бергени үчүн ыраазычылыгын билдирген.

Эске сала кетсек, 15-апрелде сессияда депутаттар Өкмөткө сырттагы мигранттарды алып келүүнү чечүүгө бир жума убакыт берген. 16-апрелде Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркиядан келе албай жаткан жарандарыбыз тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүд Чавушоглу менен телефондон сүйлөшкөн.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Булак: Alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.