Түркиядан учуп келген 212 мекендеш обсервацияга жөнөтүлдү

Түркиядан учуп келген 212 мекендеш обсервацияга жөнөтүлдү

Бүгүн, 17-апрелде Стамбул – Бишкек аба каттамы менен Түркиядан 212 кыргызстандыктар учуп келишти. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Алардын айтымында, атайын чартердик рейс менен алынып келинген мекендештер аэропорттун имаратынын ичине кирген эмес. Алар перрондо тейленип, обсервацияга жөнөтүлгөн.

Эске сала кетсек, кечээ, 16-апрелде Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркиядан келе албай жаткан жарандарыбыз тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүд Чавушоглу менен телефондон сүйлөшкөн. Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, депутат Исхак Пирматов Түркиядан кыргызстандыктар учуп келээрин билдирген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Булак: Alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.