14 жаштагы окуучу кыз 7-кабаттын терезесинен секирип, көз жумду

14 жаштагы окуучу кыз 7-кабаттын терезесинен секирип, көз жумду

Бүгүн, 19-апрелде, 7-кабаттын терезесинен окуучу кыз секирип түшүп, каза болду. Бул тууралуу Бишкектин комендатурасынын басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.

Алардын айтымында, Бишкектеги Матросов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 7-кабаттагы подъездин терезесинен 14 жаштагы кыз 17:00до секирип түшкөнү боюнча маалымат милицияга келип түшкөн. Ал жерге Октябрь райондук ИИБнин кызматкерлери барып, жерде жаткан окуучунун жансыз денесин көрүп, өздүгүн тастыктаган. Ал 2006-жылы туулган М.Э. аттуу кыз болуп чыккан. Бул факт реестрге катталып, экспертиза дайындалып, териштирүү жүрүүдө.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.