Арашандын постунда ким ок чыгарды?

Арашандын постунда ким ок чыгарды?

Аламүдүн районунун Арашан айылында белгисиз адамдар пост аркылуу өтүүгө аракет жасап, ок чыгарган. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Чүй РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Арашан айылында бир нече жолу ок атылганы тууралуу билдирүү милицияга кечээ, 18-апрелде келип түшкөн. Айтылган дарекке милиция барып, окуянын чоо-жайын сураштырып, болжол менен саат үч жарымда пост аркылуу онго жакын адам квадроцикл менен өтүүгө аракет жасашканын аныкташкан. Постто нөөмөттө турган жергиликтүү тургундар аларды өткөрүүдөн баш тарткан. Тирешүү болуп, жаңжал чыгып, өтүүгө аракет кылгандар тараптан бир нече жолу ок атылган.

Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда териштирүү жүрүүдө.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.