Польшадан Кыргызстанга сегиз медициналык кызматкер учуп келди

Польшадан Кыргызстанга сегиз медициналык кызматкер учуп келди

Бүгүн, 19-апрелде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы менен Польшадан сегиз медициналык кызматкер учуп келди. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Алардын айтымында, алар Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө жергиликтүү дарыгерлерге көмөк көрсөтүшөт.

Буга чейин коронавирус менен күрөшүү үчүн Кытай менен Польшадан дарыгерлер келээри айтылган. Кытайдан 15 адис келээрин Өкмөт билдирген.

Бүгүн эртең мененки брифингде Саламаттык сактоо министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев СOVID-19 илдети дагы 48 кишиден табылганын айткан. Ушу менен республика боюнча жалпы саны 554гө жетти.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.