Жеңесин үйүнөн өлтүрүп, качып кеткен кайни кармалды

Жеңесин үйүнөн өлтүрүп, качып кеткен кайни кармалды

Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, окуя кечээ, 18-апрелде, Аксы районунун Кербен шаарында болгон. 1985-жылы туулган Б.Ж. аттуу келинди үйүнөн 1990-жылы туулган Т.Т. аттуу бир тууган кайын иниси бычак менен ичине сайып, качып кеткен. Оор жаракат алган келин ооруканага жетпей көз жумган.

Т.Тнин изи сууп кете электе колго түшүп, камакка алынган. Бул факт Жазык кодексинин 138-беренеси боюнча реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.