Адилет СУЛТАНАЛИЕВ: «Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кеткен жок. Мындай маалымат жалган, чындыкка дал келбейт»

Адилет СУЛТАНАЛИЕВ: «Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кеткен жок. Мындай маалымат жалган, чындыкка дал келбейт»

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кеткен жок. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Өкмөттүн басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда социалдык тармактарда «Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетти» деп тараган маалымат жалган, чындыкка дал келбейт. Премьер-министр күчөтүлгөн режимде иштеп, коронавируска каршы күрөшүү шартында эс алуусуз эмгектенүүдө.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.