Видео — Баласын сабаган атаны аялынын ыйлаганына карабай, Москвадагы сот эки айга камады

Видео — Баласын сабаган атаны аялынын ыйлаганына карабай, Москвадагы сот эки айга камады

Баласына зомбулук көрсөткөн Москвадагы кыргыз жаранына Москвадагы сот эки айга камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде биздин ИИМ билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, кыргызстандык жаранга Орусиянын Жазык кодексинин “Уруп-согуп, кыйноо” жана “Баланы тарбиялоо милдетин аткарбоо” деген беренелеринин негизинде айып коюп, эки айга камаган. ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москванын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын аймактык бөлүмүнө баласын сабаган атага карата мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу кат түшкөн. Ал факт Кунцево району боюнча катталып, кылмыш иши козголгон.

Эске сала кетсек, буга чейин ИИМ видеодо ата баласын сабап жаткан жарандын ким экени такталганын, ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 35 жаштагы тургуну экенин, үй-бүлөсү менен 2019-жылы күзүндө Орусияга кеткенин билдирген.

17-апрелде тараган видеодо атасы баласын “отжимания жаса!” деп башка, көзгө уруп, тээп, таяк менен чаап, муунтканга чейин барган. Аны тарткан аял телефонуна тартып, “милицияга берем мен муну” дегени угулат.  Балдызы жезделеп ортого түшүп ыйлайт. Ошол эле күнү сабаган адамдын аялы элден кечирим сурап, «камалып кетсе бизди ким багат?» деп ыйлаган. Эне-бала, атасы чогуу отуруп да сүйлөшкөн видео да соцтармакка тараган. Ал эки видеону төмөндөн көрсөңүздөр болот:

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.