Элмирбек ИМАНАЛИЕВ: “Басып жүргөн боюнча өлүп калдык, байкабайбыз ошого көнүп калдык…”

Элмирбек ИМАНАЛИЕВ: “Басып жүргөн боюнча өлүп калдык, байкабайбыз ошого көнүп калдык…”

Бүгүн кыргыз калкы көп кырды таланттуу эл уулу Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга сыздап узатты. Көпчүлүгү коронавирусту каргап, карантинден үйүнөн чыгалбай калып, ыйлап отурду… Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлгандан кийин “Калил уулу Элмирбекке” деп багыштап куран окудук…

Садык Шер айткандай, бүгүн ыйлай турган күн… Чет өлкөдөгү боордошторубуз дагы кайгырып, ыйлап ыр чыгарышты, эссе жазышты. Атактуу адамдарды жакындан таанып, билген Швецариядагы белгилүү журналист Жеңиш Эдигеев Кытайдын Артушунан чогуу түшкөн сүрөтү, маркумдун ыры менен кошо эссесин “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырды.

Жеңиш ЭДИГЕЕВ: “Акын өлсө өзү менен бүтүндөй Доор жабылат экен”

«…Ийинибиз тийишип турган менен,
Иңир соруп баратат жалгыз, жалгыз…
Пенде экенбиз кантели өлүп-талып,
Периштесин пейилдин көмүп салдык.
Басып жүргөн боюнча өлүп калдык,
Байкабайбыз ошого көнүп калдык… »
(Элмирбек Иманалиев)

Бул сүрөт Кытайдын Артушунан болчу. Бир жума кытайлык кыргыздардын черин жаздың эле, а биз сенин башка абада башкача ачылып, төгүлгөнүңө ого бетер таңданып, тамшанып олтурганбыз.
Бирибизге теңтуш, жердеш, бирибизге курдаш, замандаш, кесиптеш, өнөрлөш болгон менен сен бүт кыргызга ЭЛДИК элең, элдик уул элең.
Адам өлсө жүзү жабылат, Акын өлсө өзү менен бүтүндөй Доор жабылат экен. Сен кыргызга Элмирбектин доорун түздүң да тамшанып бүтө электе өзүң менен ала кеттиң. Эми сенин экинчи дооруң башталсын. Экинчи өмүрүң кыргыз-казактын кыялында, элесинде улансын.
Айтыш! Башкадан да кыргыздын ушул өнөрүнө тереңдерде ич ачышып, түгөнүп, соолуп калбаса деп ичтен тынып, ырым кылып жүргөн кезде ого бетер чоң ыптасы урап турат… Эми, ЭЛ турганда эзелкинин энчи өнөр өчүп калбас, ондогон Элмирбектер шакирт болуп калган болсун артыңда!”,-деп жазган Жеңиш Эдигеев.

Алдыраарга жаздыраар 2020-жылдын 20-апрели…

20-апрелде, кечке маал Элмирбек Иманалиев Бишкектеги ооруканалардын бирине кант диабети менен түшүп, көз жумган. Артында алты (үч кыз, үч уулу) баласы калды.

21-апрелде «Айтыш» коомдук фондунун теңтөрагасы, Элмирбек Иманалиевдин шакирти Асылбек Маратов устатынын оорусу оорлошкондо алып барган ооруканалар “карантин” деп кабыл албай, ары-бери чуркатышканын айткан. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден толук окусаңыз болот.

22-апрелде белгилүү юрист Клара Сооронкулова өмүр менен өлүмдүн ортосунда турган адамга биринчи жардамын көрсөтпөй койгон дарыгерлерди жоопко тартууга мыйзам жол берээрин баса белгилеп, талап кылды. Аны эл туура көрүп, колдоп турган чагы…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.